Кыргыз кинолору Казань эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын "Эсимде" (реж.Актан Арым Кубат), "Error 404" тасмалары жана "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин "Муз үстүндөгү гүлдөр" сериалы 7-сентябрда XXI "Алтын Минбар" - Казань эл аралык кинофестивалынын "Кыргызстан кино күнү" иш-чарасынын алкагында эл назарына сунушталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Ошондой эле киностудиянын "Качкын" (реж. Дастан Жапар Рыскелди) тасмасы "Түрк дүйнөсүнүн кинолору" конкурстук эмес көрсөтүүлөр программасына тандалып алынганын билдиребиз.
Ушул жылдын 6-11-сентябрында Казань шаарында өтө туруучу кинофестивалга Кыргызстандын атынан "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору мекемесинин директору А.Түлекеев, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын өндүрүш бөлүмүнүн башкы адиси Р.Мирланова жана "Кыргызсериал" ЧӨБүнүн директорунун орун басары Э. катышууда.
Алар кыргыз кинолорунун көрсөтүүлөрүн уюштуруудан тышкары, расмий делегациялардын отурумдарына дагы катышат.
