Ошто жүздөй энеге "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары ыйгарылды
Бүгүн Ош шаарында президент тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер жана алардын жакындары катышты.
Сыйлоо аземинде алгач маданият кызматкерлери тарабынан энелерди даңазалаган концерттик программа тартууланды.
Калаа башчы жана шаар кеңеш төрагасы энелерди куттуктап, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктап, орден, медалдарды тапшырды.
Маалымат үчүн: “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.
