«Курак» тасмасы  Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлык менен сыйланды
30 сентябрь

«Курак» тасмасы  Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлык менен сыйланды

Кореяда 2025-жылдын 17-сентябрында башталган Азия жана Океания чөлкөмүнүн эң ири фестивалдык аянтчасы Пусан эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Юбилейлик 30 жылдыгын белгилеген бул кинофестивалга кыргыз кинематографисттеринин жоон тобу катышып, “Курак”  тасмасы эки сыйлыктын ээси болду.

Кинофестивалдын даректүү тасмалар конкурсунун "Кең бурч" (Wide Angle) программасына Самара Сагынбаева "Кооп коңгуроосу" тасмасы менен катышса, "Азиялык көз караш" (Asian Vision) конкурсунда режиссёрлор Эрке Жумакматова менен  Эмиль Атагельдиевдин "Курак" тасмасы көрсөтүлүп, "Бангладеш – Июль Мемориалдык сыйлыгы" жана Вьетнам мамлекети тарабынын уюштурулган Пусан эл аралык кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы  сыйлык менен сыйланды.  

Мындан тышкары, режиссер Томирис Орозоева "Убакыт чөлүндө" (In the Wilderness of Time) долбоору менен Пусан кинофестивалынын Азия кино мектебине ( Busan Asian Film School) жарым жылдык билим берүү программасы кабыл алынса, Дастан Жапар Рыскелди "Азия Долбоорлор базары" (Asian Project Market) өндүрүштүк секциясында "Бөбөктөй илешкек" (Stuck Like Babies) долбоорун таанытты.

Кыргыз киносунун өнүгүшү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон дагы бир жаңылык – Бишкек эл аралык кинофестивалы быйыл Asian Vision конкурсунунун расмий өнөктөшү болуп, бул кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатына караштуу Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев жана Бишкек эл аралык кинофестивалынын директору Арген Адил уулу индонезиялык режиссёр Реза Рахадиандын "Кучагында отуруу" (On Your Laps) фильми үүчүн Кыргызстандын атынан атайын сыйлык тапшырышты.

Кинематография Департаментинин Директору У.Адамалиев тасма тууралуу:

"On Your Lap (Кучагында отуруу) тасмасы күрөштү назиктик жана символикалык күч менен чагылдырат. Бул тасма энелердин күчүнө, өзүн курмандыкка чалгандыгына жана туруктуулугуна болгон таазим. Энелер бүтүндөй бир муунду белгисиздик доорунан алып өтүштү. Биз бул фильм улуттук чек аараларан чыгып,  жалпы адамзатка тиешелүү сабак берип, дүйнө жүзүндөгү аялдардын кайраты жана кайратмандыгы жөнүндө универсалдуу маалыматты жеткирет деп эсептейбиз. Өзүнүн көркөм ийгиликтери жана терең адамдык үндөрү үчүн биз бул тасманы сыйлыкка татыктуу деп таптык", – деген пикирин билдирди.

Пусан эл аралык кинофестивалы – Азия жана дүйнөлүк кинонун бири-бири менен тажрыйба алмашкан, бет ачарларды өткөргөн эң ири өндүрүштүк аянтча экени талашсыз. Мындан улам кыргыз киночуларынын юбилейлик Пусан эл ар кинофестивалына катышуусу улуттук кинонун эл аралык аренадагы абалын бекемдеп, индустриянын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты дей алабыз.