Бишкекте акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль ачылды 
30 сентябрь

Бишкекте акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль ачылды 

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” аттуу эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. 

Мамлекеттик катчы фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Алыкул Осмонов – улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы – жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү – акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили”, - деп баса белгиледи Марат Иманкулов.

Иш-чарага ошондой эле Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышышты.

Фестивалдын программасында поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.