Министр Венгриянын кино күндөрүнө катышты
3-ноябрь Бишкек шаарында “Венгрия кино күндөрү – 2025” аттуу маданий иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чара Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин демилгеси жана колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки элдин достук мамилесин чыңдоого багытталган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министр Мирбек Мамбеталиев мындай деди:
“Кино – бул бириктирген тил. Ал элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн көпүрөсүн курат, достукту чыңдайт. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтык жылдан-жылга кеңейип, мазмундуу болуп баратат. Мындай демилгелер маданий алмашуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип гана тим болбостон, искусство жана билим берүү тармагындагы келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн да негиз түзөт. Министрлик ишеним билдирет: Бишкекте өтүп жаткан Венгрия Кино Күндөрү бардык кино сүйүүчүлөр үчүн чыныгы майрам болуп, көрүүчүлөргө жаңы таасирлерди, сезимдерди жана шыктануу тартуулайт”.
Иш-чаранын алкагында белгилүү венгр режиссёрлорунун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, көрүүчүлөр венгр маданиятынын жана кинематографиясынын бай мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
