Ат-Башыда “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” маданий фестивалдары өттү
Нарын облусунун Ат-Башы районунда улуттук кол өнөрчүлүктү, гастрономиялык мурастарды жайылтуу жана ички туризмди өнүктүрүү максатында салттуу “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” маданий фестивалдары өттү.
Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Байсалов куттуктоо сөзүндө нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мындай иш-чаралар улуттук биримдикти гана чыңдабастан, өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун баса белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нарын облусун өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялар тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди. Анын айтымында, учурда облуста облустун бардык райондорун камтыган 9,4 миллиард сомдон ашык инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
