61-Венеция Биенналесинин алкагында Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды
8 май

61-Венеция Биенналесинин алкагында Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды

2026-жылдын 6-майында Венеция шаарында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин колдоосу менен 61-Венеция Биенналесинин (La Biennale di Venezia) алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Маалымат үчүн: павильон тарыхый Convitto Foscarini (Каннареджо) имаратында жайгашып, жалпы аянты 600 чарчы метрди түзөт жана Biennale Arte 2026 көргөзмөсүндөгү эң ири беш улуттук павильондун катарына кирет.

Ачылыш аземинде сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Омуралиев дүйнөнүн эң абройлуу маданий форумдарынын бирине Кыргыз Республикасынын катышуусунун маанисин белгиледи. Ал бул аянтчада элдер идеялар, образдар жана маңыздар аркылуу бири-бири менен баарлашып, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтууга багытталган маданий дипломатияны жүргүзөрүн баса белгиледи. Бул өз кезегинде улуттук өзгөчөлүктү, дүйнөнүн материалдык эмес маданий мурастарын сактоону жана планетанын жаратылыш ресурстарын коргоону айкалыштырат. Кыргызстандын Биенналеге катышуусу дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялануунун маанилүү кадамы болуп саналат.

Улуттук павильондо BELEK аттуу иммерсивдүү инсталляция сунушталды. Анын көркөм концепциясынын негизинде суу — табигый баштапкы белек катары каралган. Инсталляция Кыргызстандагы тоолуу ландшафттарды, мөңгүлөрдү, дарыяларды жана өлкөнүн негизги гидроэлектр станцияларынын ири гидротехникалык курулуштарын чагылдырат. Бул образдар менен айкалышта байыркы “Көк бөрү” ат оюну көрсөтүлүп, көчмөн цивилизациясынын жамааттык эс тутумун жана маданий энергиясын чагылдырса, үн компоненттери катары манасчылардын архивдик үн жазуулары жана комуздун күүлөрү колдонулган. Экспозициянын борбордук элементи – төрт каналдуу монументалдуу видео-фреска болуп, ал «Тулпар-батыр» жана «Темир-Казык» скульптуралары менен толукталган.

Павильондун автору жана башкы продюсери – кыргызстандык сүрөтчү Алексей Морозов. Ал скульптура, архитектура, медиа-арт жана сүрөт өнөрүнүн кесилишинде иш алып барат. Павильондун куратору – дүйнөгө белгилүү искусство таануучу жана Боргезе галереясынын куратору Джеральдин Леарди.

Ачылыш аземине Рим шаарында аккредитацияланган дипломаттар, Италиянын саясий жана маданий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык көркөм коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Көргөзмө 2026-жылдын май айынан 22-ноябрына чейин ачык болот.