Ошто "Курманжан" спектакли коюлду
С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтүп жаткан "Премьералар жумалыгы" 15-февралда "Курманжан" спектакли менен уланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Спектаклдин бет ачарына маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Ал спектаклди жараткан жамаатты жогорку деңгээлдеги чыгармачылык ийгилиги менен куттуктады. Ошондой эле, Ош улуттук драма театрынын "Бир келип кетчи Ош жакка" жана "Курманжан" сыяктуу кыргыз театр искусствосунда рессенанс жараткан спектаклдерди борбор шаардын көрүүчүлөрүнө да тартуулоону сунуштады.
КРнын эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Курманжан датка" ыр-романынын негизинде коюлган бул спектаклде XIX кылымдын катаал патриархалдык шартында чыгыш аялдарынын ичинен биринчи жолу журт башкарып, датка наамына ээ болуп, "Алай ханышасы" деген атка конгон Курманжан датканын бүткүл өмүрү жана мамлекеттик ишмердиги чагылдырылат.
Айрыкча күйөөсү Алымбек датка каза болгондон кийинки трагедиялуу тагдырына жана энелик эрдигине, журт энеси катары кеменгерлигине басым жасалат.
Койго режиссёрлору: Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыев жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.
Ал эми Курманжан датканын ролун ойноого атайын келишим менен Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова чакырылган.
Ошондой эле датка айымдын орто жаш курагын Надира Сарыкова, жаш кезин Каныкей Тумакова аткарышты.
