Бишкекте Тажикстандын Маданият күндөрү расмий ачылды
Бишкекте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 19-майда Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого, элдер ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө багытталды.
Салтанатка Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев жана Матлубахон Сатториён Амонзода, чыгармачыл делегациялар, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Ачылыш аземинде министр Мирбек Мамбеталиев кыргыз-тажик маданий байланыштары акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, театр, музыка, кино жана адабият жаатындагы биргелешкен кызматташтык эки мамлекет башчыларынын колдоосу менен мындан ары да бекемделерин белгиледи.
Концерттик программа “Достук салтанаты” аттуу композиция менен ачылып, тажик элинин улуттук жана классикалык өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү тартууланды. Кечеде Тажикстандын белгилүү ырчылары, музыканттары жана “Лола”, “Парасту” бий ансамблдери өнөр көрсөтүштү.
Тажикстандын Маданият күндөрү алкагындагы иш-чаралар 21-майга чейин улантылып, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.
