«Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүшүн Баткен району тосуп алды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
28 июль

«Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүшүн Баткен району тосуп алды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, Раззаков шаарынан жолго чыккан «Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүш Баткен районуна келип жетти.

Лейлек районунан жолго чыккан 10 атчан өкүлдү Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Данир Иманалиев, жергиликтүү тургундар жана коомчулуктун өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Коноктор үчүн улуттук каада-салттарды чагылдырган маданий программа уюштурулуп, келген кербендин катышуучулары улуттук дастаркондон даам татышты.

Лейлек районунун өкүлдөрү бүгүн Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинде эс алышат. Эртең аларга Баткен районунун өкүлдөрү кошулуп, кербен кезектеги багыт боюнча жолун улантат.

Белгилей кетсек, Баткен районунун өкүлдөрү кечээ касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын жасалган көөкөргө суу алуу аземин өткөрүшкөн. Алынган ыйык суу «Биримдик кербенинин» негизги символдорунун бири катары маданий коштоодо кербенге тапшырылган.

Суу алынган Суу-Башы булагы Баткен районунун Кара-Булак айылынын жогору жагындагы тоо этегинде жайгашкан касиеттүү жайлардын бири болуп саналат. Бул булак жергиликтүү эл тарабынан ыйык деп эсептелип, тазалыктын, берекенин жана биримдиктин символу катары бааланат.

«Биримдик кербени» — өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган ири долбоор.

Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышууда.