Бишкекте ColorFest боёк фестивалы өтөт
13 сентябрь

Бишкекте ColorFest боёк фестивалы өтөт

Бишкекте 15-сентябрда музыкалык ColorFest боек фестивалы өтөт. Иш-чара "Томми Молл" соода-борборунда саат 14:00дө башталат. Кирүү акысыз. 

Иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, фестивалдын программасы: ата мекендик топтордун, ди-джейлердин, бий жана чыгармачыл топтордун, ырчылардын, битбоксчулардын жагымдуу аткаруулары, ошондой эле биргелешкен боёк ыргытуу, түстүү таймаш, оюндар, эркин жана көңүлдүү атмосфера кирет.