Оштогу Чайковский атындагы балдардын искусство мектеби үчүн жаңы имарат курула баштайт
5 февраль

Оштогу Чайковский атындагы балдардын искусство мектеби үчүн жаңы имарат курула баштайт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 4-февралда П.И. Чайковский атындагы балдардын искусство мектебине иш сапары менен барып, окуучулардын чыгармачылык жетишкендиктери менен таанышып, окуучулар шаар башчысына музыкалык өнөрлөрүн тартуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы эмгек жамаатына жаңы мектеп имаратынын курулуш иштери 1-марттан тарта башталарын маалымдап, музыкалык аспаптарды сатып алуу үчүн 5 млн сом каражат бөлүнөрүн билдирди.

Ошондой эле мурда берилген убадасына ылайык, улуттук музыкалык сабагынан берген мугалимге улуттук музыкалык аспап — комуз белек кылды.