Дүйнөлүк Куран жарышында жеңишке жетишкен каарылар Кыргызстанга кайтып келди
20 август

Дүйнөлүк Куран жарышында жеңишке жетишкен каарылар Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, Сауд Араб Падышалыгында 46-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан катышып, ийгилик жараткан карыларды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Татиков Рафаел ажы, Мечиттер жана диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Атабаев Самидин кары, Азирети Муфтийдин катчысы Орунбаев Кутманбек ажы, эки карынын устаздары жана бирге окуган студенттер жамааты тосуп алышты.

Тосуп алуу аземинде Азирети Муфтийдин жана жалпы жамааттын атынан куттуктоолор айтылып, карыларга ак жол каалап, дубалар кылынды.

Эске сала кетсек, Сауд Араб Падышалыгында 46-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан катышкан карылар байгелүү орундарга ээ болушту.

Атап айтканда, жети кыраат багыты боюнча Касиев Расул Талантбекович 3-орунду, ал эми 15 пара боюнча Мирбеков Муса кары 3-орунду багындырышты.

Кыргызстандык карылардын мындай ийгилиги — өлкөбүздүн Куран илиминдеги жетишкендиктеринин дагы бир маанилүү көрсөткүчү.