Жоокерлер жанданганда: “Песочница” ар кайсы өлкөлөрдөгү мастерлерди жана коллекционерлерди чогултту
Коомдук чыгармачылык чөйрөдө жакында кезектеги “Песочница” миниатюр көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Бул эбактан бери коллекционерлер, моделисттер, мастерлер жана стол үстүндөгү оюндардын сүйүүчүлөрүнүн туруктуу аянтчасына айланган. Иш чара квартал сайын өткөрүлөт жана аны хобби-индустрияны өнүктүрүү үчүн уникалдуу куралга айланткан билим берүү, чыгармачыл жана коммерциялык форматтарды камтыйт.
Көргөзмөнүн программасына салтка айланып калгандай демонстрациялык көрсөтүүлөр, ар кандай техника боюнча мастер-класстар, ачык оюн сессиялары жана тематикалык презентациялар киргизилген. Катышуучулар жана коноктор бир гана экспонаттар менен таанышып, продукцияларды сатып алуу менен гана чектелбей, миниатюраларды боеодо, диорамаларды жасоодо, тажрыйба алмашууда, кесиптик тажрыйбаларды талкуулоодо да өз күчүн сынап көрүштү. Бул формат жаңы катышуучуларга хоббиге аралашууга жана негизги көндүмдөрдү жеринде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Өзгөчө басым тармактын комплекстүү презентациясына жасалды: келгендер даяр моделдерди жана коллекциялык үлгүлөрдү гана эмес, ошондой эле аларды түзүүнүн орто аралык этаптарын — 3D - моделдер менен даярдыктан тартып акыркы жасалгалоого чейин көрө алышты. Уюштуруучулардын баамында, аткаруу деңгээлде байкалаарлык өсүүдө: экспонаттар жогорку деталдаштыруусу, боео сапаты жана көркөм иштеп чыгуунун тереңдиги менен айырмаланды.
Катышуучулардын катарында Россия жана Беларустан келген алдыңкы миниатюр өндүрүшчүлөрү да болду, ошондой эле Өзбекстандан мастерлер келишти. Географиялык жактан мындай кеңейүү көптөгөн авторлорго жеке долбоорлорун көрсөтүүгө жана экспонаттардын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Алардын көбү уникалдуу продукциясын жана автордук стилин тааныштырды, а бул көргөзмөнүн деңгээлин бийиктетти.
Көргөзмө миниатюр тематикасы ар түрдүү маданий жана тарыхый сюжеттерди бириктирүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү. Сентябрдагы “Песочницада” көрүүчүлөр оюн топтомдорун да, коллекциялык аскердик-тарыхый миниатюрларды да көрүштү. Экспонаттардын арасында “Монголдор жана алардын салттык баалуулуктары” жана “Верещагиндин картинасы боюнча” сериялары орун алды. Ошондой эле, заманбап тарыхтын темасы да айтылды: көргөзмөнүн уюштуруучусу Андрей Литвиненко СВОго катышкан ыктыярдуу отряддын жоокерлерине арналган «БАРС-32 Павел Судоплатов атындагы чалгындоо ротасы» комплектисин тартуулады.
Коллекциондук миниатюрлар өзгөчө кылдаттык менен жасалгандыгынан айырмаланды. Эгер мурда мындай моделдер көбүнчө калайдан жана башка металлдардан куюлган болсо, а азыр заманбап материалдар активдүү колдонулат – желим, чайыр, жыгач, кагаз жана полимер. Аны менен катар мастерлер жаңы технологияны да пайдаланышат: санариптик 3D моделдөө, фотополимердик басып чыгаруу, резина калыптарын куюу, акрил, май жана атайын боёктордун жардамы менен көп баскычтуу кол менен жасалгалоо жана сырдоо, ошондой эле жышуу жана текстуралоо ыкмалары.
“Песочница” көп жылдар бою өзүн тажрыйба алмашуу жана моделдөө коомчулугун өнүктүрүү үчүн ачык аянтча катары көрсөттү. Анын ырааттуулугу рационализатордук сунуштарды тездик менен текшерип чыгууга, пикирлерди кабыл алууга, иштин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Келечекте уюштуруучулар форматты кеңейтүүнү, дагы көбүрөөк эл аралык катышуучуларды чакырууну, мастер-класстардын онлайн трансляциясын киргизүүнү, чыгармачыл бирикмелер жана окуу жайлары менен биргеликте билим берүү программаларын иштеп чыгууну пландаштырууда.
Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн узак мөөнөттүү максаты – бул кызыктуу жана бириктирүүчү хоббинин өнүгүшү үчүн күчтүү коомчулукту түзүү жана туруктуу платформа үчүн Россия, Беларусь жана Өзбекстандын гана эмес, Кыргызстандын жана КМШнын башка өлкөлөрүнүн коллекционерлерин жана кол өнөрчүлөрүн бириктирүү.
“Песочница” көргөзмө-жарманкеси бүгүнкү күндө сүрөтчүлөр, продюсерлор жана көрүүчүлөрдүн ортосундагы көпүрөгө айланып, постсоветтик мейкиндикте миниатюра искусствосун жайылтууга жана профессионалдаштырууга салым кошууда.
✍️ Надежда Гурова
