Ош драма театрында жаңы спектаклдин жабык көрсөтүүсү өттү
23 октябрь

Ош драма театрында жаңы спектаклдин жабык көрсөтүүсү өттү

Ош улуттук драма театрында 22-октябрда жаңы даярдалган “Кош дегим келбейт” спектаклинин жабык көрсөтүүсү өттү.

Бул спектаклди Чынгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты режиссёр Уланмырза Карыппаев орус драматургу Александр Володиндин “Сүйгөнүңөр менен ажырашпагыла” чыгармасынын негизинде сахналаштырган.

Жабык көрсөтүүгө театр сүйүүчүлөр, адабиятчылар, жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери, студенттер жана педагогдор катышты.

Театрдын директору Керимбек Калыкулов жабык көрсөтүүгө келген күйөрмандарга ыраазычылык билдирип, театрга көркөм жетекчи Уланмырза Карыппаевдин дайындалышы жана Москвадагы Щепкин театралдык жогорку окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлор толукташы менен чыгармачылык жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгиледи.