Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт
Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Оскар комитети 2025-жылдын 18-сентябрында "Кара Кызыл Сары" тасмасы Американын кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Тасма "Эң мыкты эл аралык көркөм тасма" наамына көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, аталган тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2025-жылдын июнь айында Шанхайдагы эл аралык фестивалда өтүп, "эң мыкты тасма" сыйлыгына ээ болгон.
Учурда чет мамлекеттерде дагы атайын комитеттер сыйлыктын узун тизмесине киргизүү үчүн өз өлкөлөрүнүн атынан талапкерлерди тандап жатышат. Андан кийин академиянын тизмесин киноакадемиянын атайын калыстар тобу аныктайт.
Кинолордун 2025-жылдагы жетишкендиктери үчүн 98-Оскар сыйлыгын тапшыруу салтанаты 2026-жылдын 15-мартында Лос-Анжелесте өтмөкчү.
