Кинематография департаментинин директору болуп Талантбек Толобеков дайындалды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Толобеков Талантбек Толобекович Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды.
Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык, министр Мирбек Мамбеталиевдин сунушунун негизинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев колу менен кабыл алынды.
Жаңы дайындалган директорду жалпы эмгек жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматты Улан Айылчиевич Адамалиев ээлеп келген. Ал кызматтан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.
Кинематография департаменти — улуттук кино тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик колдоону күчөтүү жана кыргыз кинематографиясынын эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мекеме.
