Маданият министри БУУнун КРдагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту
18 июнь

Маданият министри БУУнун КРдагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда тараптар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Айрыкча жаштарды колдоо, маданиятты өнүктүрүү жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жаштар саясатын ишке ашырууда күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленип, жаш муунду туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү тартуу зарылдыгы айтылды.

Тараптар жалпы максаттарга жетүүгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында мындан аркы кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Министр Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруудагы ишенимдүү өнөктөш катары системалуу ролун, атап айтканда, жаштардын потенциалын өнүктүрүүдө, креативдүү индустрияларды колдоодо жана маданий мурасты сактоодо кошкон салымын белгиледи.