Авиньон шаарында кыргыз-француз маданий кызматташтыгы талкууланды
Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан «Avignon Off» фестивалынын алкагында Кыргызстандын делегациясы Авиньон шаарынын мэри Оливье Галзи менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Жолугушууга Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз баштаган кыргыз делегациясы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи мэр Оливье Галзиге кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
Ошондой эле Авиньон шаарынын мэрин 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган «Арт-Ордо» эл аралык фестивалына жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Мындан сырткары, жолугушууда келечекте Авиньон фестивалынын негизги программасы болуп саналган «Avignon In» фестивалына катышууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар маданий байланыштарды кеңейтүү жана театр тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы быйыл «Avignon Off» фестивалына алгачкы жолу катышууда. Өлкөбүздүн атынан Мамлекеттик «Учур» жаштар театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Бугу Эне» спектаклин эл аралык көрүүчүлөргө тартуулоодо.
