Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры “Илегилек” спектаклин тартуулады
Ош шаарында өтүп жаткан Республикалык театр фестивалынын алкагында Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры “Илегилек” спектаклин сахналаштырып, көрүүчүлөргө уникалдуу чыгарма тартуулады. Спектакль Султан Раевдин “Илегилек” аттуу пьесасынын негизинде коюлган.
Режиссеру – Уланмырза Карыпбаев.
Спектаклде жасалма интеллект (робот) катышат, аны башкарган – Анарбаев Бекназар.
Ролдорду аткаруучулар:
- Чал – Кадыр уулу Нурсултан
- Кыз – Жамалбекова Жазмина
Спектакль чоң ата менен анын небере кызынын өз ара мамилесин баяндайт. Алардын жашоосуна үчүнчү тарап – сезимсиз робот – аралашат. Жасалма интеллекттин адамдардын акылынан озуп баратканы жана айрым учурларда адамзатка келтире турган коркунучу спектаклде көрсөтүлөт.
Көрүүчүлөр жаш кыздын сезимсиз роботко арнап чоң атасынын тагдырын курмандыкка чалышын көрүп, аягында чоң атасынын кадырын түшүнүп, өткөн бактылуу күндөрдү сагынып эмоцияга батат.
“Илегилек” спектакли жасалма интеллекттин заманбап көйгөйлөрүн, адамдык сезимдердин жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанисин терең чагылдырат.
