Дамирбек Ыразаков Ош облустук куурчак театрынын директору болуп дайындалды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү буйругунун негизинде Дамирбек Ыразаков Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын директору болуп дайындалды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, жаңы жетекчи 2026-жылдын 13-апрелинен тарта 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде кызматка киришти.
Ыразаков Дамирбек Абдикалилович 1986-жылы 16-июлда Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү, тажрыйбалуу педагог жана философия илимдеринин кандидаты.
Ал 2005–2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде «музыкалык билим берүү» адистиги боюнча билим алган. 2010–2013-жылдары К. Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында «эстрадалык вокал» багытын аяктаган. 2015–2019-жылдары ош мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2014–2020-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу жана декандын тарбия иштери жана контракт боюнча орун басары;
2020–2024-жылдары Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору;
2024–2026-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун орун басары (декан) болуп эмгектенген.
