Жаштардын демилгелерин колдоо конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды
3 ноябрь

Жаштардын демилгелерин колдоо конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” конкурсу жыйынтыкталды.

Конкурстун максаты – жаштарды жарандуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоо, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөө, интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, ошондой эле жаштардын билим алуу муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программалардын алкагында жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2025-жылдын 22-октябрындагы конкурстук комиссиянын отурумунун чечими менен төмөнкү катышуучулар жеңүүчү деп табылып, алардын долбоорлоруна 200 000 сомго чейин өлчөмдөгү колдоо көрсөтүлөт.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  1. Бекишов Данияр – “Жаш талант” фестиваль кароо-сынагы;
  2. Ашымов Кубанычбек – “Жаш акын” кароо-сынагы;
  3. Жапарбекова Алтынай – “Көркөм буюмдар галереясы”;
  4. Баткен Мамлекеттик университети – “Next Step”;
  5. Мамай уулу Жеңишбек – “Эко-Арт жашыл демилге”;
  6. Дөбөлү айылынын жаштар коомдук бирикмеси – “Маалыматтык ресурстук окуу борбору”;
  7. Жалал-Абад интеллектуалдык клубу коомдук бирикмеси – “Жалал-Абад интеллектуалдык клубу”;
  8. Каныбеков Абил – “Алга кадам”;
  9. Болотбекова Айназик – “Ийгилик рецеби”;
  10. Жаштардын “Жумгал KG” коомдук бирикмеси – “Интеллектуалдык жана инновациялык медиа борбору”.

Бул колдоо жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырып, социалдык жана маданий долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.