Бишкекте IMPULSE Эл аралык театралдык фестивалы башталды
24 сентябрь

Бишкекте IMPULSE Эл аралык театралдык фестивалы башталды

А.Умуралиев  атындагы Бишкек шаардык драма театрында «ИМПУЛЬС» аттуу чакан формалардын IX Эл аралык театралдык фестивалы башталды. Бул жылы фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстан, Испания, Черногория, Сербия, Армения жана Орусиядан 6 театралдык чыгарма тартууланат.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, фестивалдын ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Фестивалдын биринчи спектакли: Слободан Маруновичтин (Черногориянын улуттук театры, Подгорица шаары) аткаруусундагы Сергей Томовичтин "Негоштун акыркы сааты" монодрамы көрсөтүлдү.

Фестиваль 27-сентябрга чейин созулат.

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз театралдык искусствосун дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялоо, театр аркылуу элдерди бириктирүү, маданияттар аралык долбоорлорду түзүү жана театр искусствосунун жаңы багыттарын жайылтуу болуп саналат.