Ар дайым ак калпагыбыз бийик болсун! Маданият министри кыргызстандыктарды куттуктады
5 март

Ар дайым ак калпагыбыз бийик болсун! Маданият министри кыргызстандыктарды куттуктады

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоо сөзү:

"Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз кыргыз элинин маданий мурасынын жана улуттук өзгөчөлгүнүн символу болгон Ак калпак күнүн белгилеп жатабыз. Ак калпак – бул жөн гана баш кийим эмес, ал биздин тарыхыбыздын тереңдигин, элибиздин даңктуу салтын жана руханий тазалыгын чагылдырган символ.

Кылымдар бою ата-бабаларыбыз ак калпакты ар-намыстын, акыйкаттуулуктун жана эгемендиктин белгиси катары кастарлап кийип келишкен. Бүгүн да ал биздин биримдигибиздин, улуттук аң-сезимибиздин жана маданий өзгөчөлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү катары сакталып келет.

Маданият – бул элдин жүзү, келечеги жана тагдыры. Улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо, кийинки муундарга өткөрүп берүү – ар бирибиздин милдетибиз. Ак калпакты ардактоо менен биз улуттук маданиятыбызды гана эмес, элибиздин биримдигин жана туруктуулугун да бекемдейбиз.

Ушул маанилүү күндө жалпы кыргызстандыктарды куттуктайм! Ар дайым ак калпагыбыз бийик, Кыргызстаныбыз жаркын болсун!".