Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына жаңы жетекчи дайындалды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору болуп Замирбек Татиев дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Замирбек Татиев 1986-жылы туулган.
Ал Кыргыз республикалык маданият техникумун (2005-ж.) жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин (2021-ж.) аяктаган.
Кесиби боюнча музыка жана ыр мугалими, ошондой эле кинооператор адистигине ээ.
Замирбек Татиев маданият тармагында 20 жылга жакын үзүрлүү эмгектенип келет. Ал Н.Байтемиров атындагы маданият ордосунда концертмейстер, фольклор тобунун жетекчиси, көркөм жетекчи, методист болуп иштеген. 2022-жылы аталган мекемеге директорлук кылып, андан кийин Токмок шаарынын маданият бөлүмүн жетектеген.
Министрлик жаңы дайындалган жетекчи театрдын чыгармачылык багытын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана аймактагы маданий турмушту жандандырууга өз салымын кошооруна ишеним артат.
