Сүрөт, график жана скульптор Бообек Арыковдун «Өзөккө кайтуу» жеке көргөзмөсү ачылды
3 ноябрь

Сүрөт, график жана скульптор Бообек Арыковдун «Өзөккө кайтуу» жеке көргөзмөсү ачылды

30-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейнде «Өзөккө кайтуу» атталган сүрөтчү, график жана скульптор Бообек Арыковдун жеке көргөзмөсү ачылды.

Бообек Арыков жыгач иштетүү багыты боюнча шаардык кесиптик-техникалык окуу жайды бүтүргөн. Андан кийин Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театр-көркөм институтунда, андан соң Т.К. Жургенов атындагы Алматы мамлекеттик театр-көркөм институтунда белгилүү скульптор Т. Досмаганбетовдун кол алдында билим алган.

Арыков – Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал скульптура бөлүмүндө жана Анталия шаарында (Түркия) өткөн сүрөтчүлөрдүн пленэрлерине катышкан. Мындан тышкары, Ч. Айтматовдун бюстунун автору болуп саналат. Ошондой эле «Манас-2» аэропортунун залын жасалгалоодо скульпторлор тобун жетектеп, атактуу инсандардын бронзадан жасалган бюсттарын орноткон.

Көргөзмөдө сүрөтчүнүн кыргыз элинин салттарын, жашоо образын жана жаратылышын чагылдырган көптөгөн эмгектери коюлган. Автор өз чыгармалары аркылуу элинин рухий дүйнөсүн жана ата журтунун сулуулугун чагылдырат. Экспозицияда сүрөтчүнүн живопис, графика жана скульптура жанрындагы чыгармалары, атактуу инсандардын портреттери, уламыштар менен эпостордогу каармандар, ошондой эле пейзаждык этюддар жана картиналар сунушталган.

Көргөзмө 16-ноябрга чейин уланат. Бардык каалоочуларды көргөзмөгө чакырабыз.