Кыргызстан менен Түркиянын диний чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды
КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору Азамат Юсупов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар диний чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашты.
Ошондой эле өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды талкуулашты.
