Азербайжанда театралдык сезон Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектакли менен ачылды
12 сентябрь

Азербайжанда театралдык сезон Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектакли менен ачылды

Азербайжан мамлекеттик академиялык Улуттук драма театры 2024–2025-жылдардагы сезонун Кыргызстандын улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" (Ана Тарла) аттуу чыгармасынын негизинде ачты. Чоң сахнада көрсөтүлгөн спектакль белгилүү азербайжан акыны Тимур Эльчин тарабынан азербайжан тилине которулган.

Спектакль Баку Муниципалдык театры тарабынан, театрдын директору жана көркөм жетекчиси Айнура Мухтарова жана режиссёр, сценарист жана эл артисти Мерахим Фарзалибековдун жетекчилиги менен коюлду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, театралдык сезондун ачылышы 10-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышып, сөз сүйлөдү.

Элчи өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын жарык көрүшү жана анын Бакунун театр сахнасында коюлушу тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, бул иш-чара Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналганын айтты. Ошондой эле 2008-жылдын 25-февралында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Чынгыз Айтматовду Азербайжандын эң жогорку №1 «Достлуг» («Достук») ордени менен сыйлаганын эске салды.

Азербайжанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен театралдык сезонду ачуу эки боордош элдин достугунун жана урматтоосунун жаркын мисалы болуп, эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн көрсөтүп турары белгиленди.