Кыргызстанда алгач ирет бүткүл дүйнө уккан бир баланын үнү – "Хинд Ражабдын үнү" тасмасы көрсөтүлөт
Кыргызстанда алгач ирет бүткүл дүйнө уккан бир баланын үнү – "Хинд Ражабдын үнү" тасмасы көрсөтүлөт.
«Хинд Раджабдын үнү» — Газа тилкесиндеги аскердик операция учурунда тузакка түшүп калган 6 жашар палестиналык кыздын чыныгы окуясын баяндайт.
Анда баланын куткаруучуларга жардам сурап кайрылган телефон сүйлөшүүлөрүнүн чыныгы аудио жазуулары колдонулат жана саясий комментарийлерден атайын баш тартылып, согуштун адамдык өлчөмүнө көңүл бурулат. Ал ар бир көз ирмемдин жана жоопсуз калган ар бир чалуунун кайтарылгыс кесепети бар экенин далилдейт.
Фильмдин сценаристи жана режиссёру тунистик Каутер Бен Хания, ал эми продюсерлери: Брэд Питт, Хоакин Феникс, Руни Мара.
Венеция кинофестивалынын күмүш байгесинин ээси болгон фильм, Тунистин атынан «Чет тилдеги мыкты фильм» категориясы боюнча Oscar, Golden Globe, BAFTA кино сыйлыктарына номинант болуп тандалган.
Кинону оригинал тилинде кыргызча, англисче жана орусча субтитрлери менен ушул дем алыш күндөрү Ала-Тоо кинотеатрында көрө аласыздар.
