Кыргызстандагы мамлекеттик музейлерге октябрда акысыз кирүүгө болот
Үстүбүздөгү жылдын 1-30-октябрь аралыгында өлкөдөгү бардык мамлекеттик музейлерде «Ачык эшиктер айы» акциясы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Бир ай бою Кыргызстандын жашоочулары жана меймандары туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөрдү акысыз көрө алышат. Ошондой эле атайын экскурсияларга, тарыхый-маданий маршруттарга, лекцияларга жана мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул демилге музейлерди элге жеткиликтүү жана кызыктуу кылууга, коомдун улуттук маданий мурас менен байланышын бекемдөөгө жана жаштар арасында патриоттук сезимди чыңдоого багытталган.
Акция Кыргызстандын биринчи музейи негизделгенине 100 жыл толушуна арналууда жана ал президенттин коомдун руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу боюнча жарлыктарынын алкагында ишке ашырылууда.
