Оштун Жапалак айыл аймагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн маданият үйү ачылды
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы “Керме-Тоо” айылында жайгашкан маданият үйү 10-октябрда ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маданият үйү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, отургучтары да жаңыланды.
Буга чейин жергиликтүүлөр мэр Жеңишбек Токторбаевге бул маселе менен кайрылып, калаа башчы тез арада оңдоону тапшырган болчу.
Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев өз эсебинен Жапалак айылынан чыккан шайыр апаларга 100 миң сом берүүнү убадалады.
