Улуттук маданий борбордун директору алмашты
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун директору болуп Азамат Абдилашим уулу дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Буга чейин Улуттук маданий борборду Ильязбек Бегимкулов жетектеп келген.
Азамат Абдилашим уулу 1992-жылы, 31-декабрда төрөлгөн.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетин 2016-жылы аяктаган.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” саясий партиясынын жаштар канатынын координатору болуп баштаган.
2016-2017-ж.ж.- “Ата-Журт” саясий партиясынын жаштар кеңешинин төрагасы.
2016-ж. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын этношаарчасындагы Хан Ордо жайгашкан жердеги ыктыярчылардын жетекчиси.
2017-2018-ж.ж.- “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директор ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы ардактуу консулу Ким Жонг Гунун жардамчысы.
1918-ж. -Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын жайлоосунда ыктыярчылардын жетекчиси.
2019-ж.- Эл аралык уюму өткөргөн Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш-чарасында логистика боюнча жетекчи жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити (ШКУ) КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тармагы боюнча логистика жетекчиси.
2025-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун бөлүм башчысы болуп эмгектенип келген.
