Бишкекте Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат
12 сентябрь

Бишкекте Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 12-сентябрда Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 15:00дө

Музейден кабарлашкандай, көргөзмөдө автордун живопистүү жана графикалык эмгектери тартууланат.

Аким Турганбаевдин графика жана живопись чыгармаларындагы көркөм образдар кыргыз элинин этнографиялык кабылдоосун, каада-салтын жана тарыхын, дүйнө жүзүнүн, жаратылыштын жана адам баласынын сулуулугун жана кайталангыс сезимин чагылдырып келет.

Сүрөтчүнүн көптөгөн сюжеттик баяндоочу картиналары кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында сүрөттөлгөн тарыхый окуяларга арналган. Аны сүрөтчү-иллюстратор катары сыпаттаса да болот, бирок ал китептерге арналган кыска сюжеттүү, кенен чагылдырылган иллюстрацияларды эмес, толук кандуу чыгарманын көркөм образдарын жаратуу аркылуу өз көз карашын жеткирүүгө көрарманга кылдат жеткирүүгө умтулат. Анын аткарган иштеринде ар бир чыгарманын бир бүтүндүк чечилишин сезүүгө болот.

Турганбаевдин чыгармачылыгындагы баатырдык, эркиндик жана эрдик темасы образдуу нукта ишке ашыруунун ар кыл формаларында жана аспектилеринде байкалат. Окуянын жүрүшүн ар бир өзүнчө баракта жаңы көз караштан же башка абалда көрсөтүүсү сүрөтчүгө бир барак кагаздын же холсттун алкагына батпай кеткен, аны багындырып алган баардык кубулуштарды жана сезимдерди баяндоого да мүмкүндүк жаратат.

Турганбаев графика искусствосуна олуттуу көңүл бурат. Ал графика тилин мыкты өздөштүргөн, ал искусствонун экспрессивдик, фактуралуу жана текстуралык  мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билет, демек, чыгармаларынын маанисин, философиялык жагын кылдат тактоого да аракет кылат.


Маалымат үчүн: 

Турганбаев Аким Токоевич 1959-жылы 15-июнда Ош областынын Өзгөн районунунун Кара-Тарык айылында туулган. 1983-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайынын педагогикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, «Сүрөт тартуу жана черчение мугалими» адистигин алган. 1989-жылы В.И.Суриков атындагы Москва мамлекеттик көркөм өнөр институтунун графика факультетинде билим алган. 1989-1994-жылдары С.А.Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайында атайын билим берүү мугалими болуп иштеген. 2012-2019-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин көркөм-кол өнөрчүлүк кафедрасында ага окутуучу болуп эмгектенген. 2019-жылдан тартып С.А.Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайында атайын билим берүү мугалими болуп эмгектенүүдө.

2015-жылдан бери Сүрөтчүлөр бирлигинин (союзунун) мүчөсү жана аймактык, республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.