Салкын Сарногоева маданият министринин орун басары болду
Маданият министрлиги
18 май

Салкын Сарногоева маданият министринин орун басары болду

Сарногоева Салкын Сатаровна маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү чечим менен эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тааныштырды.

Салкын Сарногоева 1974-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1995-жылы «Банковский вестник» журналынын редакциясында компьютердик терүү оператору болуп баштап, кийин «Банкир» гезитинде кабарчы болуп иштеген. Ошондой эле «Токтом» маалымат борборунда офис-менеджер, сатуу боюнча адис жана «Кыргыз Республикасынын Банковский вестник журналынын редакциясы» ЖЧКсында башкы редактор кызматтарын аркалаган.

Мамлекеттик кызматтагы эмгек жолу 2006-жылдан башталган. Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлигинде, Экономикалык өнүгүү министрлигинде, Энергетика жана өнөр жай министрлигинде жооптуу кызматтарды аркалап, маалыматтык саясат, инвестициялык өнүгүү жана тармактарды өнүктүрүү багыттарында иш алып барган.

2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүндө эмгектенип, ММК жана маалымат департаментинин директорунун орун басары, андан соң аталган департаменттин директору болуп иштеген.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министринин тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору болуп дайындалган.

Эмгек ишмердүүлүгүндө өлкөнүн санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашырууга активдүү катышып, эфирдик жер үстүндөгү санариптик телеберүүнүн социалдык пакетин түзүү, тармакка бюджеттик каражаттарды бөлүү боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга түздөн-түз салым кошкон.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде Маалымат башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.