Өзгөндө улуттук рухту даңазалаган өзгөчө маданий иш-чара өттү
10 октябрь

Өзгөндө улуттук рухту даңазалаган өзгөчө маданий иш-чара өттү

Өзгөн районунда бүгүн, 10-октябрда улуттук рухту даңазалаган өзгөчө маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чараны Өзгөн райондук маданият бөлүмү жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу биргелешип уюштурушту.

Маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды жана элдик мурастарды даңазалаган ар түрдүү оюн-зоок жана сынактар уюштурулду. Анын ичинде “Манас айтыш”, “аркан тартыш”, “ордо” сыяктуу салттуу оюндар катышуучуларга көӊүлдүү маанай тартуулап, көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болду.

Музей-корук тарабынан “Өз элинин тилин, биримдигин жана мурасын сактоодо Алимбек датканын орду” аттуу убактылуу көргөзмө даярдалып, анда тарыхый инсандын коомдук ишмердүүлүгүн, эл биримдиги үчүн жасаган иш-аракеттерин чагылдырган уникалдуу фотоматериалдар коюлду.

Мындан тышкары, музей фондунда сакталган сүрөтчү А. Исмаиловдун “Манас” эпосунун тарбиялык жана руханий маанисин ачып берген көркөм чыгармалары да катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук наркты, ата-бабалардан калган мурастарды жана мекенчил рухту жандандыруу, жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытуу болду.