Акылбек Мураталиев “Кыргызфильм” иностудиясына башкы редактор болуп дайындалды
6 сентябрь

Акылбек Мураталиев “Кыргызфильм” иностудиясына башкы редактор болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору У.Адамалиев “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын жамаатына жаңы башкы редакторду тааныштырды.

Бул кызматка Кыргызстандын Эл артисти, театр жана кино тармагынын көрүнүктүү өкүлү, белгилүү актёр жана медиа ишмер Акылбек Кыдырович Мураталиев дайындалды.

Акылбек Мураталиев 1957-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында төрөлгөн. 1974–1979-жылдары Москвадагы М.С. Щепкин атындагы театр окуу жайында “Драма жана кино актёру” адистиги боюнча билим алып, СССРдин Эл артисти Юрий Соломиндин мастерскаясын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1979–1992 – Кыргыз мамлекеттик драма театрында актер
  • 1991–1994 – Жеке ишкерлик
  • 1994–1998 – Киностудиялык компания «Гульсаранын» директору
  • 1998–2002 – «Жети-Өгүз» коомдук бирикмесинин төрагасы
  • 2002–2003 – Бишкек шаардык Кино үйүнүн директору
  • 2003–2005 – «Ош-3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары
  • 2005–2007 – «Кут билим» фондунун төрагасы
  • 2007–2009 – Кинокомпания «Тазардын» башкы директору
  • 2009–2012 – Телерадиокомпания «Манас жаңырыгынын» директордун орун басары
  • 2012–2016 – КР Омбудсменинин Москва жана Москва облусундагы кеңешчиси; Поликультурдук кыргыз борборунун жетекчиси
  • 2016–2017 – Нарын музыкалдуу-драма театрынын көркөм жетекчиси
  • 2017–азыркы убакка чейин – ТРК «Манас жаңырыгы» каналында «Сырдуу дүйнө» жана «Учур маселеси» автордук программаларынын алып баруучусу

Театрдагы белгилүү ролдору

  • Б. Жакиев – «Күттүргөн жаз да келээр», «Ашырбай», «Саадак какты» – Шермат, Дадый, Ажал
  • М. Касенов – «Алда жаш жубайлар ай» – Бекзат
  • Ж. Абдыкадыров – «Олжобай менен Кишимжан» – Байназар
  • Лопе де Вега – «Бий мугалими» – Вандолино
  • А. Чехов – «Алчалуу бак» – Лопахин
  • В. Шекспир – «Ричард III» – Бекингем
  • А. Фадеев – «Жаш гвардия» – Кошевой

Кинотасмалардагы белгилүү ролдору

  • «Курманжан Датка. Королева гор» (2014) – Алдаяр
  • «Хорло» (2015)
  • «Ночная авария» / «Түнкү кырсык» (2017)
  • «Чаке» (2025)
  • «Сделка на границе» (2024)
  • «Үй сатылат» (2015)
  • «Кербез. Неистовый беглец» (1990)
  • «Манкурт» (1988, 1990)
  • «Восхождение на Фудзияму» (1988)
  • «Без мундира» (1988)
  • «Гаджо» (1992) – рэкетир
  • «Кто ты, Элли?» (1990)

Сыйлыктар жана ардак наамдар

  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти
  • Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү
  • Театр ишмерлер союзунун мүчөсү
  • Орус Федерациясынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.