Лондондо Кыргызстан тууралуу даректүү долбоордун дүйнөлүк премьерасы өттү
Ушул жылдын 25-февралында Лондондогу легендарлуу VUE Cinema Leicester Square кинотеатрында көп сериялуу даректүү «Доминик Уэст: Кыргызстан» (эл аралык аталышы – Beyond the Silk Road / «Улуу Жибек жолунун ары жагында») долбоорунун дүйнөлүк театралдык премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу көрсөтүүгө тасманын тартуу тобу, эл аралык маданий коомчулуктун өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.
Тасманы көрүүчүлөргө Александра Толстая, Кларк Питерс, Доминик Уэст тааныштырды.
Премьеранын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев куттуктоо сөз сүйлөп, долбоордун уникалдуулугун, эл аралык маданий диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымын жана Кыргызстанды бай тарыхый мурасы, өзгөчө маданияты бар өлкө катары дүйнөгө таанытуудагы маанисин белгиледи.
Долбоор тууралуу
«Доминик Уэст: Кыргызстан» – белгилүү британиялык актёр Доминик Уэсттин Кыргызстандын аймагындагы Улуу Жибек жолунун багыттары боюнча жасаган сапарына арналган масштабдуу эл аралык даректүү сериал. Долбоордун режиссёру – даректүү кино жана эл аралык теледолбоорлор тармагында иш алып барган британиялык режиссёр жана продюсер Лора Джоунс.
Сериал Кыргызстанды анын маданияты, жаратылышы, тарыхы жана бүгүнкү күндөгү жашоо-турмушу аркылуу кеңири ачып берет. Сапар Бишкек шаарынан башталып, Ош базары менен Ала-Тоо аянтына баруу, «Манас» эпосунун дүйнөсүнө сүңгүү менен уланат. Андан ары маршрут Кара-Суу, Сары-Челек мамлекеттик коругу, Кара-Камыш жайлоосу, Таш-Рабат, Ат-Башы району жана Улуу Жибек жолунун тарыхый бөлүгү болгон Торугарт ашуусу аркылуу өтөт.
Даректүү сериал аркылуу көрүүчүлөр:
- көчмөндөрдүн салттуу жашоо образы;
- улуттук оюндар (улак тартыш, кыз куумай);
- бүркүтчүлүк өнөрү;
- элдик кол өнөрчүлүк (шырдак, ак калпак);
- кыргыз элинин музыкалык жана оозеки мурасы;
- Чаткал кырка тоосунун кайталангыс жаратылышы жана Сары-Челектин жаңгак токойлору менен таанышат.
Долбоор Кыргызстанды байыркы салттар менен заманбап өнүгүү айкалышкан өлкө катары чагылдырат.
Аталган эл аралык долбоор Кыргыз Республикасынын туристтик, маданий жана кинематографиялык потенциалын дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга, маданий дипломатияны чыңдоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
