Кызыл-Кыя шаардык маданият үйү жаңыланат
10 октябрь

Кызыл-Кыя шаардык маданият үйү жаңыланат

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарына иш сапары менен барып, шаардын бир катар обьекттерин кыдырдыы. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Кызыл-Кыя шаардык маданият үйүнүн абалын көргөн облус башчысы имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же жаңыдан куруу боюнча сунушун айтып, долбоордук сметалык документтерин даярдоону тапшырды.

Ошондой эле имараттын айланасын жашылдандырып, максаттуу пайдалануу керектигин белгиледи.

Шаар жетекчилиги алдыда имаратты чыгармачылык борборго айлантуу пландалганын айтышты.

Жетекчилер макулдашып,маданият мекемесинде таланттуу балдарды тарбиялоо үчүн заманбап шарттарды түзүү, балдардын музыкалык мектеби, китепкана, музей сыяктуу маданий мекемелердин борборуна айлантуу тууралуу сунуштары колдоого алынды.