Марат Тагаев эл аралык кыздар күнүнө арналган иш-чарага катышты
10 октябрь

Марат Тагаев эл аралык кыздар күнүнө арналган иш-чарага катышты

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев эл аралык кыздар күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышты.

Майрамдык иш-чараны Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк балдар фонду (ЮНИСЕФ) мамлекеттик, жеке жана жарандык коомдун өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага Чүй облусунан келген 150дөн ашуун өспүрүм кыздар – ЮНИСЕФтин «Кыздар илимде» программасынын катышуучулары жана бүтүрүүчүлөрү, мектеп жана жаш эко-лидерлер, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инновациялык жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана насаатчылар катышты.

Бул иш-чаранын максаты – кыздардын билимге, илимге жана лидерликке умтулуусун колдоо, ошондой эле алардын коомдук жашоодогу ролун чыңдоо болуп саналат.