
Бишкекте Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду.
Иш-чара КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган.