Бишкекте “Сүймөнкул” улуттук мюзикли көрсөтүлөт
Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасынжа "Сүймөнкул" улуттук мюзикли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Маданий иш-чара 12–13–14–15–16–17-февраль күндөрү өтөт. Башталышы саат 18:30.
Билеттер филармониянын кассасында жана кассир.кг сайтында сатылууда. Баасы 1000 сомдон башталат.
