Чүй облустук театрында Султан Раевдин «Арал» спектаклинин премьерасы өттү
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин «Арал» спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Премьерага чыгарманын автору, коомдук ишмер жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев катышып, спектаклди сахналаштырган режиссёр Барзу Абдураззоковду жана театр жамаатын жаңы чыгарманын ийгиликтүү сахнага чыгышы менен куттуктады.
«Арал» спектакли адамзаттын руханий баалуулуктары, экологиялык көйгөйлөр жана коомдун бүгүнкү күндөгү маселелери тууралуу терең ой жүгүртүүгө үндөгөн чыгарма катары көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Премьералык көрсөтүү көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, чыгармачыл жамааттын эмгеги жогору бааланды. Спектаклдин көркөм чечими, режиссёрдук табылгалары жана актёрлордун аткаруучулук чеберчилиги театр сүйүүчүлөрүнүн алкышына ээ болду.
Спектаклди көрүүнү каалагандар үчүн кошумча көрсөтүүлөр 2026-жылдын 10 жана 11-июнь күндөрү саат 18:30да өтөт.
