Опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттинин эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы болот
23 сентябрь

Опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттинин эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы болот

Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттинин “Театрдагы тартип жана ызы-чуу” же “Viva. La mamma!” эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы болот. 

Театрдын адабий-драмалык белүмүнүн башчысы Елена Мягкова билдиргендей,спектаклды 28-29-сентябрь жана 5-6-октябрь күндөрү көрүүгө болот. Башталышы саат 19:00дө.

“Театрдагы тартип жана ызы-чуу” провинциялык италиялык театрда опера коюуу жөнүндө фарс, Гаэтано Доницеттинин эң ийгиликтүү комикалык операларынын бири. Бул “опера жөнүндө операда” көрүүчүлөр труппаны белгилүү операнын премьерасына даярдоонун “түйшүктүү” процессин көрө алышат.“ Спектаклдеги спектакль” комедиялык эффекттерге бай!

Пьесадагы көрүнүш бүгүнкү күндөргө жакындап келет. Көрүүчүлөрдүн көз алдына 21-кылымдын катаал күндөрдү кечирип жаткан опера театры тартылат.

Операнын либреттосун Антонио Симеоне Сографинин пьесаларынын негизинде Доменико Джилардони жазган.

“Театрдагы тартип жана ызы-чуу” спектакли Европанын опера театрларынын сахналарында ар кандай редакцияларда коюлуп, аны дайыма ийгилик коштоп келет! Бул ирет белгилүү чыгарма кыргыз коомчулугуна тартууланат.