Кыргызстан жана Казакстан маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулады
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 16-июнда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар кыргыз-казак маданий кызматташуусунун туруктуу мүнөзүн белгилешти.
Бул кызматташтык кылымдарды камтыган ынак коңшулаштык, тарыхый жана руханий жакындыктын негизинде түзүлүп, эки тараптуу достукту чыңдоого, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Министр Мирбек Мамбеталиев тийиштүү мекемелердин тыгыз өз ара аракеттенүүсү жана биргелешкен демилгелери эки элдин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө, маданий алмашууну тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүнү дагы бир жолу тастыктады.
