Ала-Бука районундагы маданий жайлар жаңыланууда
5 сентябрь

Ала-Бука районундагы маданий жайлар жаңыланууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Ммаданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунда болушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Алгач Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.

Аталган мекеме 4,5 млн сомдон ашуун каражатка реконструкцияланды.

Ошондой эле, төрага жана министрдин биринчи орун басары Сафед-Булан айылындагы “Шах-Фазиль” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин дирекциясынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Имараттын курулушу 2023-жылы башталып, ага жалпысынан 27 млн сом каражат бөлүнгөн.

Сапардын алкагында Шах-Фазиль эстелиги менен да таанышып, анын архитектуралык жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрү өткөн доордун өрнөктүү мисалы гана эмес, ыйык жайлардын бири экендиги белгиленди. Зыярат кылуу учурунда күмбөздө куран окулду.