Саякбай Каралаевдин «Молдо баатыр» китеби экинчи ирет басылып чыкты 
2 апрель

Саякбай Каралаевдин «Молдо баатыр» китеби экинчи ирет басылып чыкты 

Саякбай Каралаевдин 1960-жылы жарык кѳргѳн "Саякбайга саякат: Молдо баатыр – өчпөс мурас" китеби "Молдо баатыр" аталышында экинчи ирет басылып чыкты. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, китеп Каралаевдин урпактарынын демилгеси, демѳѳрчүлүгү менен кайрадан басылып чыккан.

Китептин бет ачары күн мурун, 1-апрелде Бишкекте өтүп, анда "Молдо баатыр" дастанында жер суулар, ѳзгѳчѳ Ысык-Кѳл аймагы таасын сүрѳттѳлгѳнү, китептин жаралуу тарыхы, мазмуну жана көркөм-адабий баалуулугу кеңири талкууланды.

Студенттердин дастандан үзүндүлѳрдү көркөм окуусу, Саякбай Каралаевдин өмүрү менен чыгармачылыгын чагылдырган слайд-шоу, видео ролик иш- чаранын катышуучуларына таасир калтырды.