Кербен шаарындагы «Алтын-Казык» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө 
22 январь

Кербен шаарындагы «Алтын-Казык» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө 

Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы тарыхый мааниге ээ «Алтын-Казык» кинотеатрында учурда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кинотеатр көп жылдар бою кароосуз калган. Учурда ал заманбап жабдыктар, ыңгайлуу отургучтар жана сапаттуу үн системасы менен жабдылууда. 

Кинотеатр 4 залдан туруп, чоң жана кичине залдары акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылат, заманбап акустика, ички сырткы жасалгалары, чатыры, бардык талапка жооп берген кинотеатр болот.