
Бишкекте 13-сентябрда ачык асман алдындагы концерт өтөт
Бишкекте 13-сентябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисттери, хор артисттери жана симфониялык оркестр коштогон ачык асман алдындагы концерт өтөт. Башталышы саат 18:00.
Шаар тургундары жана коноктору үчүн дүйнөлүк опера классикасы жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырат.
Дирижерлор – КР Эл артисти Жумакадыр Каниметов жана Захар Бутенко. Режиссёру – Үмүт Тилегенова.
Концерт театрдын түштүк тарабында Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында өтмөкчү. Кирүү акысыз.