Кореялыктарга кыргыз элинин уникалдуу мурастары тааныштырылууда
Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Кореяда өтүп жаткан Чхонджу эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесинин алкагында Кыргызстандын “Кыргыз кийиз касиети” аттуу атайын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Ал кыргыз кийизи ата-бабалардан калган баалуу мурас, улуттук турмуштун жана руханий дүйнө таанымдын символу экенин белгилеп, көргөзмө Кыргызстанды дүйнөлүк маданий мейкиндикке таанытууда маанилүү экенин айтты.
Көргөзмөдө кийиздин тарыхый жана маданий орду, улуттук оюм-чиймелердин маңызы көрсөтүлүп, коноктор кыргыз элинин уникалдуу мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
