Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь
Ош шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылат
Ош шаарындагы Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 2026-жылдын 25-ноябрында жаш сүрөтчүлөрдүн «Арт синтез» аттуу көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 15:00дө.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмө түштүк аймагындагы сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгынын өнүгүү тарыхын чагылдырууга, жаш таланттардын чыгармачылык изденүүлөрүн жана искусстводогу жаңы багыттарын таанытууга арналган.
Экспозицияда жаш сүрөтчүлөрдүн живопись, графика, скульптура, инсталляция жана декоративдик-колдонмо искусство багыттарындагы эмгектери коюлуп, көрүүчүлөргө заманбап искусствонун ар түрдүү формалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
